www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-октябрда, Президенттибиздин желим буюмдардан экологиялык таза кагаз буюмдарына өтүү боюнча тапшырмасынын негизинде “KIRLand” компаниясынын KIR Pack – кагаз пакеттерди чыгаруучу ишканасынын базасында көчмө жыйын өттү.
Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тиешелүү жетекчилери менен компаниянын башчылары катышты.
1995-жылдан бери иштеп жаткан “KIRLand” Кыргызстандагы офсеттик басма продукциясын чыгаруу боюнча ири ишканалардын бири болуп саналат. Компания ар кандай басма продукцияларын чыгарат.
2019-жылдан бери компаниянын тутумунда KIR Pack ишканасы иштеп жатат. Анын өндүрүш жана кампа бөлмөлөрүнүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт. Бул жерде экологиялык таза продукция алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Боёкту дозалап берүү системасы аркылуу так сүрөттөр менен кагаз баштыктарды чыгаруу жолго коюлган.
Бир сменада 30 миң даана пакет чыгарылат, пландаштырылган кубаттуулугу 40 миң даанага жетет. Өндүрүш ар кандай форматта жана көлөмдө кагаз баштыктар менен таңгактарды чыгарууга мүмкүндүк берет.
Жыйында мамлекет экологиялык таза продукцияларды өндүргөн ишканаларга артыкчылык берип жаткандыгы белгиленди. Министрлер Кабинети айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирген желим буюмдардан экологиялык таза кагаз буюмдарына этап-этабы менен өтүүнү жүзөгө ашырууда. Бул мамлекет башчысынын тапшырмасы.
Мындан сырткары, Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча Президенттибиздин тиешелүү жарлыгы да чыккан. Жарлыкка ылайык, Ысык-Көлдөгү абалды мисал катары колдонуу менен өлкөбүздүн бардык аймактарында желимден кагазга өтүү планы коюлган.
Ошондой эле, 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө полиэтилен баштыктары менен желимден жасалган буюмдарды соодада, кызмат көрсөтүү тармактарында өндүрүүгө, иштетүүгө жана бекер берүүгө тыюу салган мыйзамга Президентибиз 2023-жылдын 10-августунда кол койгон.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында жогорку сапаттагы крафт-баштыктарды чыгарууда өндүрүш көлөмүн жогорулатуу, зарыл болгон кошумча жабдыктарды сатып алууга компанияга ар тараптуу көмөктөшүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.