www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор А.Алимбаев бүгүн, 26-октябрь Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерди.

Урматтуу мекендештер! Урматтуу Баткен окуясынын катышуучулары!

Баарыбызга маалым бүгүн Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү. Быйыл Баткен окуясынын катталганына 25 жыл болду.

Баткен окуясы — 1999-2000-жылдары Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү жана тарыхий окуя катары баарыбыздын эсибизде.

Биз бүгүн Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн коргоп жатып, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерип турабыз.

Мамлекеттин эгемендиги жана эркиндиги үчүн өмүрүн берген баатырлардын элеси дайыма жүрөгүбүздө.

Баткен облусундагы күжүрмөн аракеттерге катышкандардын каармандыгы жана эрдиги эч качан унутулбайт.

Диний экстримисттер менен Кыргызстандын аскерлеринин бул кармашында, Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор, чыныгы баатырдыкты, күжүрмөндүктү көрсөтүшкөн.

Республиканын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо үчүн өз ыктыяры менен аймакка аттанышкан.

Белгилүү болгондой, мекенди коргоодогу бул салгылашта Кыргызстан 76 жаранын жоготкон. 100дөгөн жарандар жарадар болгон.

Террорчулардын Баткен облусунун аймагына кириши, коопсуздукка чоң коркунуч жаратып, кыргыз бийлиги жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурган учур болгон.

Согушкерлер өлкө аймагына чабуул жасап, айрым айылдарды басып алышкан, бир нече кишини барымтага алышып, оор абал түзүшкөн.

Баткен окуясы Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн мобилизациялоо жөндөмдүүлүгүн сынаган жана мамлекеттин коргонуу жөндөмүн жакшыртууга түрткү берген окуя болгону талашсыз.

Кыргызстандын күч органдары, кошуна мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аракеттери менен согушкерлерди өлкө аймагынан сүрүп чыгарууга жетишишкен.

Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык мааниси эске алынып, Баткен облусун түзүү чечими кабыл алынганы баарыбызга маалым.

Андан бери кыргыз армиясы нечен оор күндөрдү башынан кечирди.

Бүгүнкү күндө болсо армиябыз өлкөбүз менен бирге кадам сайын өнүгүп, чыңдалып жана аброюн бекемдеп келет.

Баскынчылардан жапа чеккен элдерге жана аскерлерге жардам берүүгө Кыргызстандын эли жана кошуна мамлекеттер колунан келген жардамдарын көрсөткөнүн белгилеп кетем.

Урматтуу Баткен окуясынын катышуучулары!

Оор учурларда сиздердин кайратмандыгыңыздар, эрдигиңиздер жана биримдигиңиздер өлкөбүздүн коопсуздугун сактап калууга чоң салым кошту.

Сиздердин патриоттуулугуңуздар ар бир кыргызстандык үчүн чоң үлгү болуп саналат. Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш каалайбыз. Бүгүнкү тынч жашоо сиздердин баатырдыктын акыбети.

Баткен коогалаңынын катышуучуларынын эрдиги, келечек муундун патриоттук сезимин ойготууга, аларды ата мекенди сүйүүгө жана коргоого үндөйт деп ишенем.

Жергебизде ар дайым тынчтык, элибизде аманчылык, өлкөбүздө өнүгүү болсун. Дагы бир жолу баатырларыбыздын эрдигине таазим этебиз!

 

Последние новости