www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык актёр Леонардо Ди Каприо 5-ноябрда АКШда боло турган президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Камала Харриске добуш бере тургандыгын трт.нет жазып чыкты.
Дүйнөгө белгилүү актер, Оскар сыйлыгынын ээси Инстаграмдагы баракчасына видео жарыялап Харристи колдогонун жазган.
Билдирүүсүндө климаттын өзгөрүүгө көңүлдөрдү бурган Ди Каприо : "Климаттын өзгөрүшү дүйнөнү өлтүрүүдө, экономикабызды талкалап жатат. Экономикабызды, планетабызды жана өзүбүздү сактап калуу үчүн тайманбастык менен кадам ташташыбыз керек. Ошондуктан мен добушумду Камала Харриске берем", - деди.
Ал эми Харристин атаандашы Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарын Париж Климаттык келишиминен чыгаруу менен жана "орчундуу экологиялык коргоону” артка кайтаруу менен сынга алган Ди Каприо Трамптын чындыктарды жана илимди четке кагууну улантып жатканын айтты.
Ди Каприо 2020-жылдагы президенттик шайлоодо да Демократиялык партиянын ошол кездеги талапкери Жо Байденди колдогондугун билдирген.
Эске салсак, белгилүү актер, Ди Каприо учурда дүйнө жүзүн чуулгандуу иштери менен таң калтырган рэпер Пи Дидди менен табакташ экенин Американын бир нече маалымат булактары жазып чыкты. Рэпер Пи Дидди учурда камакта, анын үстүнөн 3 миңден ашуун арыз түшкөн.