www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль аскерлери Газа тилкесинин түндүгүндө Кемал Адван ооруканасындагы бардык эркек кызматкерлер жана айрым бейтаптар менен жаралууларды кармады.

Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Кемал Адван ооруканасындагы акыркы абалга байланышту маалымат берилди. 

Билдирүүдө Израиль армиясынын ооруканадагы бардык эркек кызматкерлер менен бирге айрым бейтаптар жана жаралууларды кармагандыгы маалымдалды. 

Израиль аскерлеринин аялдарды да ооруканадагы бөлмөдө ачка жана суусуз калтыргандыгы айтылды. 

Министрликтин билдирүүсүндө ооруканада иштеген кызматкерлер менен бейтаптардын коргоого алынышы үчүн БУУ жана бардык эл аралык мекемелерге, тийиштүү тараптарга чукул түрдө кийлигишүүгө чакыруу салынды. 

Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Кемал Адван ооруканасындагы абалдын "барган сайын тынчсыздандыруучу"   абалга келгендиги билдирилди. 

Оорукана ичинде  195 жаралуу жана бейтап,  70 кызматкер менен бирге  600 кишинин болгондугу билдирилген маалыматта Израиль армиясынын ооруканада рейд жүргүзгөндүгү жана түрдүү бөлүмдөргө ок аткандыгы маалымдалды. 

Кычкылтек баллонунун бутага алынышынын натыйжасында оорукананын генераторлорунун токтогондугу, ошондуктан реанимацияда жаткан 2 баланын каза болгондугу, окуяларда ооруканадагы 3 медайым жана тазалык кызматкеринин жаракат алганы белгиленди.

Израиль армиясынын 3 тез жардам унаасы менен оорукана ичиндеги күн панелинен электр энергиясын өндүрүү системасын жараксыз абалга келтиргени жана бул абалдын кризисти дагы да тереңдеткендиги баса белгиленди.

Эл аралык мекемелерге "оорукананын ичиндеги адамдардынкоопсуздугун түзүү жана оорукананын зарыл болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн кыймылга өтүүгө" чакырык салынды, билдирди трт.нет.

Последние новости