www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-апрелле Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы жыйын залында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, көрүнүктүү публицист, айтылуу журналист жана жазуучу Баратбай Аракеевдин көз жумганынын бир жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү.  

Иш-чарага  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, академик Абдылдажан Акматалиев, саясатчы, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, адабиятчы жуналист Бекташ Шамшиев, журналист, окумуштуу Тилектеш Ишемкулов баштаган адабият,  маданият ишмерлери, калемдеш акын-жазуучулары, учурунда бир редакцияда чогуу иштешип калган кесиптештери Сурат Жылкычиев, Айбек Шамшыкеев, Жумагүл Барктабасова, Темирбек уулу Алмазбек, Каныбек Сапаров, Тилек Рыскулов сыяктуу замандаш журналистери жана шакирттери катышып, Баратбай Аракеевдин журналисттик жана жазуучулук өзгөчөлөлүктөрүнө токтолуп, эскерип өтүштү.  

Баратбай Аракеев журналист, публицист катары журналистиканын баардык тармагында өзүн сынап көргөн. Телекөрсөтүүлөрү абдан көрүмдүү келип, гезитке чыккан макалалары колдон колго өтүп окулуп, окурмандар ал иштеген гезиттин ар бир санын күтүп окушчу. Анын гезитке санадан-санга жарыяланган чыгармалары дагы эл ичинде өтө популярдуу болуп, гезиттин тиражын өстүргөн. 

Замандаштары, үзөңгүлөш жолдоштору белгилеп кетишкендей, анын калеми гана курч болбостон, мүнөзү да курч болчу. Чындык, акыйкаттык үчүн эч нерседен тайманбаган, хандан-бектен жалтанбаган баатыр мүнөз инсан эле -деп эскеришти катышкандар.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости