www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 7 килограммга жакын мефедрон менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-майда эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү; Нарын облусунун тургуну 2003-жылы туулган М.Ж. менен Талас облусунун тургуну 2002-жылы туулган А.У. кармалган.

Алар Бишкектеги батирине жашыруучу жайы бар 3 даана вибрациялык мотор алып келишкен. Милиция кызматкерлери курулуш вибрациялык маторду текшерүү учурунда андан болжол менен салмагы 5 килограмм 943 граммды түзгөн 24 таңгак мефедрон психотроптук затын табышкан. Кармалган жарандардын ишмердүүлүгүн мессенджер аркылуу чет өлкөдөн кураторлор көзөмөлдөп турушкан. 

Жогорудагы шектүүлөрдүн жашаган жеринен тинтүү учурунда дагы бир вибрациялык матору табылып, анын ичинен скотч менен таңгакталган 1 килограмм салмактагы мефедрон психотроптук заты алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш ишин козголгон.

Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси болжол менен 38 миллион 186 миң 500 сомду түзөт.

Ыкчам кызматкерлердин жана атайын кызматтын биргеликте көрүлгөн аракеттеринин натыйжасында республика боюнча 41 500 дозадан ашык мефедрон психотроптук заттын жайылышына бөгөт коюлду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости