www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астанада бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Бейбут Шуменов колунда баласы бар адамды сабап салды. Жабырлануучу кыргызстандык экени айтылууда.

Маалым болгондой, окуя 18-июнда болгон, бирок видео социалдык тармактарга тарагандан кийин коомчулукта резонанс жаратып жатат. Кадрда мушкер балалуу кишиге келип, бийик үн менен бир нерселерди айтып, анан моюндан алганы көрүнүп турат. Натыйжада экөөнүн ортосунда уруш чыккан.

Жабырлануучу денесинен жаракат алып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.

Келген милиция кылмыштын курамын көрбөй, ишти жокко чыгарышкан. Казакстан ИИМ башчысынын орун басары мушташуу учурунда бала жабыркабаганын билдирген. Бейбаштык боюнча иш козголуп, ишти жаап салган райондук милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө башталды.

Кол салган мушкердин айтымында, ал балалуу адам кыргызстандык экенин милиция бөлүмүндө гана билген. Окуя балдардын оюн аянтчасында жаңжалынан улам келип чыккан.

Белгилей кетсек, Шуменов 39 жашта. 2016-жылы мушкер жеңил салмакта (WBA Super) жана биринчи оор салмакта (WBA Regular) салмак категориясы боюнча биринчи казакстандык дүйнө чемпиону болгон.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости