www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи менен биргеликте интернет (вебкам-студиялары) аркылуу сойкулук жана бузукулук иштерин уюштурган жана ага көмөктөшкөн А.А.А., Б.Б.С., Э.А.Э. жана О.Э.К. аттуу КР жарандарын кармады. Алар кылмыштуу топтун курамында иш алып барып, Бишкекте жана Казакстанда вебкам-студияларынын тармагын уюштуруп, алардын иштөөсүн камсыз кылышкан.

Уюшкан топтун мүчөлөрү жашыруун маалыматты сактоо жана мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында Бишкектин ар кайсы райондорунан батирлерди ижарага алып жашагандыгы аныкталган. Кармалгандардын бардык турак жай даректеринде шашылыш тинтүү иштери жүргүзүлүп, веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик жабдуулар жана башка техникалык жабдуулар, эротикалык костюм жана атрибуттар, сексуалдык мүнөздөгү онлайн берүүлөрдү жүргүзүүгө арналган буюмдар табылып, алынган.

Мындан тышкары, аталган адамдардын тобу негизинен вебкам кызматтарын көрсөткөн интернет-платформаларда, тактап айтканда, “Chaturbate” (CB), “Stripchat” (strip) жана “BongaCams” аркылуу онлайн берүүлөрдү жүргүзүп, ал жерден кылмыштуу кирешелер алардын “Binance» крипто капчыктарына которулган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости