www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Бука райондук маданият үйүндө спорттун бокс түрү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган жаш спортчу Ихтияр Нишановду салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Руслан Айтбаев, райондук жетекчилер, ошондой эле район тургундары катышты. Жолугушууга боксчунун машыктыруучусу Кенжебек Мусакунов да кошо келди.

Район акими Руслан Айтбаев спортчуну дүйнөлүк деңгээлдеги ийгилиги менен куттуктап, анын ата-энесине жана машыктыруучусуна өзгөчө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле спортчуну, ата-энесин жана машыктыруучусун ыраазычылык баракчалар менен сыйлады.

Аким өз сөзүндө мындай жетишкендиктер жаш муундарга чоң дем берип, райондун спорт тармагындагы потенциалын айгинелээрин белгилеп, райондук мамлекеттик администрация тарабынан спортко колдоо мындан ары да улантыларын айтты.


Иш-чаранын алкагында кыскача концерттик программа тартууланды.


Мындан соң иш-чара райондук спорт мектебинде улантылып, анда жаш спортчулар менен жолугушуу өттү. Жолугушууда Ихтияр Нишанов машыктыруучусу Кенжебек Мусакунов менен биргеликте жаш жеткинчектер үчүн чакан мастер-класс өткөрүп, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Иш-чара жаш спортчуларга чоң дем берип, спортко болгон кызыгууну арттырды.
