www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-январда Токмок шаарынын тургуну милицияга кайрылып, белгисиз эркек жана аялга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 17-январда кечки саат 17:00 чамасында «Атаке» дүкөнүнүн жанынан анын 2008-жылы туулган кызы И.Т.ны күч менен унаага салып кетишкен.
Шектүүлөр жашы жете элек кызды ар кайсы жерлерге алып барып, сабап, денесине жаракат келтирип, муунтууга аракет кылышкан. Андан соң аны Чүй районунун Чүй айылындагы «Жаннат» мейманканасынын жанына таштап кетишкен.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча катталып, 1994-жылы туулган А.А. жана 1993-жылы туулган А.Э. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.