www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 11-июнда "Манас" эл аралык аэропортуна Кореянын T’Way Airlines авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча биринчи учагы келип конду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, мындан ары жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борбору Сеулга Бишкек шаарынан түз уча алышат. Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат.
Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат: Учактын Сеул шаарына конуусу жекшемби күнү, ал эми Бишкектен учуу убактысы дүйшөмбү күнү аткарылат.
"Манас" эл аралык аэропорту" ААК авиа билеттерди сатпай турганын жана баа саясатына аралашпай турганын эскертет. Ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржы маселелерге кийлигишпейт.