www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Колумбиянын токойлорунда авиакырсыктан 40 күн өткөндөн соң табылган балдардын абалы белгилүү болду.
Аман калган балдардын бири менен таякеси сүйлөшүүгө жетишкен. Бул тууралуу, 11-июнда жергиликтүү El Tiempo басылмасы жазды.
«Мени менен сүйлөшкөн жалгыз бала «таяке, мен баскым келет, бирок буттарым ооруп жатат» деди. Бул анын мага айткан жалгыз сөзү болду», - деди Даиро Жувенал Мукутуи.
Бул ал үчүн кубанычтуу да, кайгылуу да учур экенин, анткени кырсыкка чейин жээндеринин ден-соолугу чың болгонун айтты.
Ошондой эле, балдардын дагы бир жакын тууганы Фиденсио Валенсия балдар уктай албай жатканын басылмага билдирди.
Буга чейин, 9-июнда республиканын президенти Густаво Петро Колумбияда авиакырсыктан кийин дайынсыз жоголгон балдар 40 күндөн соң тирүү табылганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg