www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борнмут университетинин археологдору Британиядагы эң байыркы Дурополис конушунун тургундарынын миң жылдык калдыктарын табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алардын айтымында, мурда (2015-жылы) казылган темир дооруна таандык Дурополис конушунун жанынан курмандыкка чалынган мал, тамак-аш жана башка ритуалдык элементтер менен беш адамдын түйүлдүк абалында көмүлгөн жери табылган.

Эксперттер казуу иштеринин жүрүшүндө алгач эгин сактоо үчүн колдонулган сүйрү чуңкурлардан эркектер менен аялдардын сөөгүн табышкан. Алар эттин кесиндилери жана чопо идиштер менен кошо көмүлгөн.

Археологдор алардын ачылышы жана андан аркы изилдөөлөрү ошол кездеги жамааттардагы диний каада-салттарды жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет деп үмүттөнүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости