www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги жапайы жаныбарларр камеранын объективине түшүп калышкан.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын июнь айында Чүй облусунун Жайыл, Панфилов, Москва райондорунун деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан аймагына 31 камера капкан орнотулган.
Камералар «Илбирс» НФсы тарабынан КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте ак илбирстин популяциясына жана жем түрлөрүнө мониторинг жүргүзүү үчүн ЮНЕП программасынын “Жоголуп бараткан байлыктар” долбоорунун алкагында орнотулган.
Объективдерге илбирс, сүлөөсүн, эчки, таш суур, аркар, бүркүт, кар, суур жана башка жапайы жаныбарлар кирген.
Булак: NazarNews.kg