www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шакиев дагы агрардык реформанын туура болгонун баамдаган адамдардын бири. Учурунда ал Талгарбековду чогуу иштешпейлиби деп бийликке чакырган адам. Акылбек Жапаровго окшоп иштешпейлиби дей электе Ак үйдү майды аңдыган мышыкча аңдып турган адам эмес. Талгарбеков бул сунушка сылык баш чайкап койгон. Шакиев спикердик орунга отуруп эл аралык уюмдардын жетекчилери, чет мамлекеттик спикерлер бул кызматка келгенин куттуктап жатышат. Талгарбеков тууралуу маалымат беттеринен алып Шакиевдин айткандарын берип койолу:
"Бекем көз карашы бар реформатор"
Нурланбек ШАКИЕВ, ЖКнын төрагасы, экс-президент Бакиевдин басма сөз катчысы, экс-министр:
Бекболот Талгарбеков деген ысым эгемендүү кыргыз мамлекетиндеги алгачкы агрардык реформа менен тыгыз байланыштуу. Дароо эле так кесе айтышыбыз керек, эгерде өлкөбүздөгү агрардык реформанын башында Талгарбеков турбаганда, бүгүнкүдөй жемиштүү жана натыйжалуу иштеген дыйкан, фермерлер болмок эмес. Албетте, айрымдарга Талгарбековдун реформасы жакпады, жеке өзүн жек көрүштү. Анткени алар ошондо да, балким азыр да реформанын өзөгүн түшүнүшпөйт же түшүнгүлөрү келбейт.
Улам мезгил өткөн сайын ошол кездеги агрардык реформа туура болгондугуна көпчүлүк көзү жетип, ынанып келет. Чындыктын критерийи – мезгил менен турмуш. Мезгил Талгарбековдун реформасынын тууралыгын далилдеди. Өкүнүчтүүсү, Бекболот мырза өзү баштаган реформасын аягына чыгара албай калды. Анткени ага көптөгөн бут тосуулар болду. Мүмкүнчүлүк беришпеди. Ошонун негизинде агрореформатолук аягына чейин ишке ашпай келүүдө.
2005-жылкы март ыңкылабынан бир жыл өткөндөн кийин, мен ошол кезде президенттин басма сөз катчысы болуп иштеп турганда Талгарбековго кезигип, ошол кездеги бийлик менен иштешүүгө чакырдым. Бекболот мырза "сунушуңарга чоң рахмат. Менин тажрыйбамды баалап, кызматка чакырганыңарга ыраазымын. Аскар Акаевдин командасындагы жакын кишилеринин бири катары азырынча жаңы бийлик менен кызматташпай турганым оң болор" деп сыпаа баш тартты. Эми андан бери көп жыл өттү. Бир нече ирет алмашкан бийлик айыл чарбасындагы оор абалды жөнгөрүү үчүн Талгарбековго кайрылганга чамасы жетпеди. Мен мурда эле Бекболот мырзаны принципиалдуу экенин билчүмүн. Ошондон кийин бекем көз караштагы адам катары сыйлап, мамиле кылып жүрөм.
Эл аралык уюмдардын жетекчилери Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр өз телеграммасында Нурланбек Шакиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ТүркПАнын алкагындагы алакалардын чыңдалышында кыргыз парламентинин салымы чоң экенин белгиледи. Муну менен катар "Сиз жетектеген Жогорку Кеңеш ТүрПАдагы өз төрагалык мөөнөтүндө албан жетишкендиктердин ээси болоруна терең ишенем", – деди Мехмет Сүрейя Эр.
Ошондой Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович да куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, Төрага Нурланбек Шакиевге ийгиликтерди каалады.
Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Куттуктоодо Орусия менен Кыргызстандын парламенттеринин ортосундагы достукка, өз ара сый-урматка жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга негизделген ишенимдүү алакалар тууралуу айтылды: "Биз түрдүү эл аралык аянтчаларда, анын ичинен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) алкагында дагы жемиштүү кызматташуунун уланышын көздөйбүз", – деген Валентина Матвиенко Нурланбек Шакиев менен 27-28-октябрда Самаркандда өтө турган КМШ ПААнын күзгү сессиясында жолугушууга үмүт артарын кошумчалады.
Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Нурланбек Шакиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле тараптар боордош эки элдин алакасын арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Муну менен катар Маулен Ашимбаев 2023-жылдын январь айында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келерин белгилеп, Нурланбек Шакиевди февраль айында Казакстанда өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттеринин спикерлеринин форумуна чакырды.
Депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин спикерликтен кетишинин себебин, ошондой эле президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси тууралуу журналисттерге айтып берди: "Бул менин жеке чечимим болчу. Анын себебин мен Жогорку Кеңеште айттым. Алар жыйын залына эки жащик автомат алып келишти. Чек арадагы окуялардан улам ушундай оор мезгил болгон. Мен жооп ала албаган көп суроолор бар. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын башчысы катары мен парламентарийлердин алдында жооп берем. Мен жетиштүү жооп албагандан кийин ушундай чечимге келдим", - деди ал.
Мамытов чек арада болгон окуялар боюнча министрлер кабинети маалымат берери маалымдалганын жана бул жашыруун мүнөздө экенин билдирди: "Мага купуялуулукту камсыздоо тапшырмасы берилди. Бирок автоматтарды коробкага салып алып келерин билген эмесмин. Менде андай маалымат жок болчу. Бул эмне максатта жасалганын такыр түшүнгөн жокмун", - деди парламенттин экс-спикери.
12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар вице-спикерди шайлашты. Спикердин орун басарлыгына жалгыз талапкер болуп "Элдик" депутаттык тобунан Нурлан Азыгалиев чыкты. Ага 81 депутат добуш берди, башкача айтканда жыйынга катышкандардын бардыгы.
12-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов кызматын тапшырып берген: "Жаңы төрага менен бир фракцияда болгондуктан моралдык жоопкерчиликти сезип, төраганын орун басары кызматын тапшырууну туура көрдүм", — деди ал.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg