www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык террордук уюмдун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы колдоочуларды тартуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасаган Эл аралык террористтик уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар, издөөдө жүргөн жарандар, анын ичинде коңшу мамлекеттердин жарандары аныкталды.
Алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) жана 256-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, 19-июнда Бишкек шаарында Эл аралык террористтик уюмдун издөөдө жүргөн мүчөлөрү жана алардын байланыштары жашаган жерлери боюнча, санкцияланган издөө иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экенин көрсөткөн чет өлкөлүк айрым жарандарынын өлкө аймагында мыйзамсыз жүрүшү боюнча материалдар алынды. Ошондой эле мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдар диний билимге тартылып, мыйзамсыз иштеп жаткан хужранын ишмердүүлүгү аныкталды.
Учурда кармалгандардын бири М.У. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми калган адамдарга карата тергөө жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Булак: NazarNews.kg