www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Алгач Эдил Байсаловдун жыйынга келгенине сүйүндүм, бирок сиздин жообуңузду укканда шагым сынып калды", - деди депутат Эмил Жамгырчиев бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Байсаловго кайрылып.
Буга чейин депутаттар Жылдыз Садырбаева, Айбек Маткеримов жана Гүлкан Молдобекова Саламаттыкты сактоо министрлигинде ажырым болушу мүмкүн экенин билдиришкен. "Балким кайсы бир топ Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүнө каршы болуп жаткандыр. Балким, бул жерде эки башка команда бардыр", - деген Маткеримов.
Андан соң министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, Саламаттыкты сактоо министрлигин коргоп, депутаттарды аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн "экзамен" албоосун, жоопту жазуу жүзүндө алуу керектигин айткан.
Эмил Жамгырчиев кесиптештерин коргоп, Эдил Байсаловго эскертүү жасады.
"Биз дагы өкмөттө, аткаруу бийликте жетекчи болуп иштегенбиз. Ар бир кол астында иштеген кызматкер жетекчисине жараша кадам кылат. Анан сиздин "кагып-силкпе, жообун жазуу түрүндө берип кой" дегениңиз өтө туура эмес көрүнүш. Менин бул сөзүмө комментарий бербей эле коюуңуз. Эгерде кагаз жүзүндө жооп бере турган болсоңор анда эмнеге баарыбыз бул жерге чогулдук? Анда кагаз жүзүндө берип коюп, өзүңөр мыйзам кабыл ала бергиле. Эдил Жолдубаевич, мен сизге ини катары кайрылып жатам, угуп койсоңуз. Качан гана келбеңиз, туура эмес жагдайды түзүп кетесиз. Качан эле депутаттар силерге каршы чыкты эле? Канчалаган мыйзамдар кабыл алынып жатат", - деди депутат.
Сиз милдет кылып жатасыз, деди Байсалов депутатка.
"Комментарийдин кереги жок, Эдил Жолдубаевич. Микрофонду өчүрүп коюңуз. Урмат-сыйды билиңиз. Унчукпай койсо келген сайын кагып-силкесиз. Этегиңизди жыйып, эл менен болуңуз!", - деди Жамгырчиев.
Булак: NazarNews.kg