www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күзүндө Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга пландалган сапарынын алдында кыргыз-орус региондор аралык конференция өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда, Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Асел Бегматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, конференция Жалал-Абадда өтөт. Конференциянын негизги темасы өндүрүштүк кооперация болмокчу. Иш-чаранын жүрүшүндө "Майлуу-Суу лампа заводу" жана "Кыргызнефтегаз" ишканаларын кыдыруу каралган.
“Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда тогуз мектеп куруу боюнча келишим бар. Конференциянын алкагында, билим берүү мекемелеринин биринин пайдубалына капсула салуу аземи болору күтүлүүдө. Мындан тышкары Кыргызстан менен Россиянын ортосунда достук паркын ачуу пландалууда”, - дейт Асел Бегматова
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Россия аталган конференцияны эки өлкөнүн региондорун жакындаштыруу жана кызматташууну өнүктүрүү максатында жыл сайын өткөрүп келет.
Булак: NazarNews.kg