www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын түштүк-батышындагы Руст шаарында (Баден-Вюртемберг федералдык штаты) өлкөдөгү эң чоң Europa-Park оюн-зоок паркынан өрт чыкты. Бул тууралуу Оффенбург полициясы билдирет.
Маалым болгондой, имараттардын биринин техникалык бөлмөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат саат 16:40та келип түшкөн. Келтирилген чыгым тууралуу азырынча маалымат жок, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Өрттү 450 адам өчүргөн.
Парктан 25 миң эс алуучу эвакуацияланып, эки өрт өчүрүүчү жеңил жаракат алганын полиция кызматы маалымдаган.
Кийинчерээк Europa-Park Twitter баракчасына өрт чектөөгө алынганын жана парк бүгүн, 20-июндан тарта кадимки тартипте иштеп турганын билдиришкен.
Күбөлөрдүн айтымында, эки-үч жарылуу болуп, андан кийин өрт чыккан.
Белгилей кетсек, Europa-Park Европадагы Диснейлендден кийинки экинчи чоң оюн-зоок паркы. Буга чейин 2018-жылы аталган парктан өрт чыккан, андан кийин павильондор, кийинчерээк декорациялар күйүп кеткен. Бактыга жараша эч ким жаракат алган эмес.
Булак: NazarNews.kg