www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясына кылмыш ишин козгоо керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

Ал белгилегендей, борбор калаанын мэриясынын кызматкерлери ичүүчү суунун аздыгы боюнча эскертүү бериши керек болчу.

"Саясатчыларды тыңшагандын ордуна, Бишкек мэриясына кылмыш ишин козгогула. Алар суунун деңгээлин көзөмөлдөшү керек болчу, бул бир күндө аныкталбайт. Жок дегенде күн сайын ченеп турган "Вася байке" бар. Бул таза шалаакылык. Бул беренени колдонуш керек”, - деп билдирди парламентарий Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости