www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода көлөмү боюнча Кытайдан кийинки экинчи орунда турат. Бул тууралуу 2023-жылдын 20-июнунда Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын башчысы Асел Бегматова Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

2018-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 1,7 эсеге өскөн.

А.Бегматова билдиргендей, 2022-жылы Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү Россиянын үлүшү 24,7%ды, экспортто 44,1%ды, импортто 23,6%ды түздү.

Кыргызстандын статистикасына ылайык, Орусия менен өткөн жылы соода жүгүртүү 3 миллиард 234,6 миллион долларды түзсө, 2023-жылдын январь-апрель айларында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 702,1 миллион долларды түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости