www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын декабрь айында Бишкектин сөөк коюу боюнча тейлөө агенттигинин (БАРУ) директору Төрөхан Жунусбеков шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаевди жана Бишкек 24 сайтынын журналисттерин сотко берген. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда соттук териштирүүлөр аяктады.

Судья Жылдыз Сайдылдаева Төрөхан Жунусбековдун сайтка жана БККнын депутаты Кадыр Атамбаевге карата доосун жарым-жартылай канааттандырды.

Буга чейин Кадырбек Атамбаев аталган агенттиктеги коррупциялык схема тууралуу айткан. Төрөхан Жунусбеков ага карата айтылган сындардын баарын четке каккан.

Сот ар бир соттолуучудан – басылмадан жана Кадырбек Атамбаевден 30 миң сомдон төлөп берүү чечимин чыгарды. Бишкек 24 сайты соттун бул чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости