www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т. Ибраев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келип, аймактагы энергетикалык объектилердин абалы жана ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Иш сапардын алкагында энергетика министри  220/110/24 кВ «Тамга» көмөк чордонунда болуп, жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар,  автоматика жана релелик коргоо, ошондой эле көмөк чордон кызматтарынын иши менен таанышып, кызматкерлерлин көйгөй-талаптарын жана сунуштарын укту.

 Жолугушуунун жыйынтыгында министр көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө колдоо көрсөтөрүн белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар тобун жана релелик коргоо тобун кызматтык автоунаалар менен камсыздоо маселеси тиешелүү жетекчилерге тапшырылды. 
Мындан тышкары, кызматкерлер жайгашкан административдик имаратты реконструкциялоо тапшырмасы коюлду.

Ошондой эле 220 кВ  Тамга–Каракол жогорку чыңалуудагы аба чубалгысын куруу долбоору талкууланып, тиешелүү сунуштар каралды. Долбоордун алкагында «Тамга» көмөк чордонун кеңейтүү, кызматкерлер үчүн атайын техникаларды алуу жана административдик имараттын чатырына күн панелдерин орнотуу маселелери каралууда.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Жыргалаң аймагына да барып, «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа комплексинин курулуш иштеринин  электрлештирүү жумуштарынын аткарылышы  жеринен текшерди. Ал 35/10 кВ «Үч чоку» көмөк чордонун жана 35/6 кВ «Жыргалаң» көмөк чордонун, аймактагы электр тармактарынын абалын көрдү.

Мындан тышкары, Ак-Суу РЭТине караштуу жаңы ачыла турган Жыргалаң электр тармактар бөлүмүнүн имараты текшерип, ал бөлүмдүн штат бирдигин карап чыгуу боюнча тиешелүү жетекчиликке тапшырма берди. Ошондой эле Ак-Суу РЭТин тиешелүү кызматтык автоунаа менен камсыздоого убадалады.

Ошону менен катар энергетика министри курулуп жаткан Жыргалаң ГЭСинин курулушу менен да таанышып, долбоордун жүрүшү боюнча маалымат алды.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун энергетика тармагын өнүктүрүү жана таңкыстыктан чыгуу үчүн Энергетика министрлигине койгон тапшырмасына ылайык, министр Т.Ибраевдин көзөмөлү алдында  жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн атайын техникалар, керектүү каражаттар менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.Ал долбоорлордун катарында  110 кВ “Пржевальск” көмөк чордонунан жаңы курула турган 110 кВ “Ала-Тоо резорт” көмөк чордонуна чейин узундугу 47 км болгон аба чубалгынын курулушу пландалууда. Долбоорлоо иштери жүргүзүлүп, тиешелүү келишим түзүлгөн, учурда зым тиректердин чекиттерин тактоо жана макулдашуу иштери жүрүп жатат. Аба чубалгы  үч айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүп, керектүү токтомдор алынган, токой чарба жана жер ээлери менен макулдашуу процесси уланууда. Ошондой эле 110/35/10 кВ көмөк чордондун орду аныкталып, тиешелүү документтер даярдалып, макулдашуу этаптары жүрүүдө.Ар бир долбоор графикке ылайык өз убагында ишке киргизилет.  

Бул иш сапар энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга жана Ысык-Көл облусунда электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга багытталган маанилүү кадам болду.

Последние новости