www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт жылдан ашкан Украинадагы согуш дүйнөдөгү күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүп, эл аралык коопсуздук системасын жаңы сыноого салды. Бир кезде туруктуу деп саналган глобалдык тартип азыр кайра каралып, ири державалар ортосундагы атаандаштык күчөдү.

Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский белгилегендей, бүгүн дүйнөнүн негизги тирөөчтөрү АКШ менен Кытай болуп турган чакта, үчүнчү борбор Европа болобу же Орусиябы деген суроо кабыргасынан коюлду. 

Азыркы тапта Европа Биримдиги Украинага каржылык, аскердик жана гуманитардык колдоо көрсөтүүдө олуттуу чыгымга батты. Бирок Виктор Орбан баштаган айрым лидерлер санкциялар жана жардам пакеттери боюнча каршы позицияда. Бул болсо Брюсселдин ички биримдигине доо кетирип, согуштун айланасындагы саясий кризисти тереңдетүүдө.

Көз карандысыз булактардын маалыматына ылайык, согуш эки тарап үчүн тең эбегейсиз адамдык жоготууларды алып келди. Айрым эсептер боюнча, орус армиясынын жоготуусу украин тарапка салыштырмалуу кыйла жогору.

Ошол эле учурда Украинадан миллиондогон адамдар чет өлкөгө чыгып кетти. Орусияда да мобилизация жана миграциялык агымдар демографиялык кризисти күчөттү. Узак мөөнөттүү перспективада бул эки өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу таасир этери айтылууда.

Согуштун кыйыр таасири Борбор Азияга да тийди. Бир жагынан, аймактан Орусияга кеткен мигранттар аскердик мобилизацияга кабылып, адамдык жоготуулар болууда. Экинчи жагынан, санкциялар шартында логистика, банк сектору жана соода байланыштары аркылуу айрым өлкөлөр экономикалык пайда табууда.

Ошол эле учурда Брюсселдин соңку билдирүүлөрүндө Кыргызстан өңдүү мамлекеттер санкциялык чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатканы тууралуу сын пикирлер айтылууда. Бул фактор аймактын эл аралык аброюна жана инвестициялык климатка таасир этиши мүмкүн.

Бул согуш дүйнөдөгү чыр-чатактарды кайра жандантып, ар бир мамлекетти коргонуу мүмкүнчүлүгүн кайра карап чыгууга мажбур кылды. Украин президенти Владимир Зеленский белгилегендей, коопсуздук кепилдигине ишенген доор аяктап, ар бир өлкө өз армиясына жана ресурстарына таянган доор башталды.

Мунун фонунда Борбор Азия мамлекеттери тышкы саясатта көп багыттуу стратегияны күчөтүп, АКШ, Кытай, Европа жана башка ири оюнчулар менен кызматташууну тереңдетүүгө умтулууда. Айрым эксперттер аймак жаңы геосаясий мааниге ээ болуп баратканын белгилешет.

Кыскартып айтканда, Украинадагы согуш эки өлкөнүн ортосундагы кандуу кагылышуусун гана эмес, дүйнөлүк саясий-экономикалык, аскердик тартиптин кайрадан жаңырышын шарттады.

Булак: NazarNews

Последние новости