www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты башталды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, анын сөөгү коштошуу аземи өтүүчү жайга жеткирилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) командачысы, генерал Ахмад Вахиди да катышууда. Ал согуш башталгандан бери алгачкы жолу эл алдына чыкты.

Коштошуу зыйнаты бүгүн жана эртең Тегерандагы «Мосалла» комплексинде өтөт. Андан соң сөөгү Кум шаарына жеткирилет.

Аятолла Али Хаменеи өзүнүн керээзине ылайык, Кумдагы коштошуу аземинен кийин 9-июлда Мешхед шаарында жерге берилет.

Эске салсак, Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин коалициясынын Тегеранга жасаган аба соккусунан каза болгону кабарланган.

Последние новости