www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын 1–1,5 айга жете турган запасы бар. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жылына 2 миллион тоннага жакын күйүүчү май керектелет жана анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Учурда өкмөт күйүүчү майдын корун күн сайын көзөмөлдөп, жаңы жеткирүүчү өлкөлөрдү издөө жана ички өндүрүштү көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, Кара-Балтадагы «Жунда» заводуна бензин өндүрүшүн көбөйтүү тапшырмасы берилген. Ошондой эле Кыргызстан күйүүчү май боюнча Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.