www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башынан катуу жаракат алып, комада жаткан Улуу Британиянын тургуну жашоону камсыздоочу аппараттан ажыратаар алдында күтүүсүздөн ойгонгон. Бул тууралуу Metro басылмасы билдирет.
Маалыматка ылайык, Челтнем шаарынын 28 жаштагы тургуну Джеймс Ховард-Джонс апрель айында ооруканага түшкөн. Ал кечинде достору менен сейилдеп жүргөндө, Бен Дэвис аттуу адам анын желкесине катуу сокку урган. Ал жыгылып, башы менен тротуарга урунуп, эсин жоготкон. Ага бир катар шашылыш операциялар жасалган, бирок ал комадан чыккан эмес.
Дарыгерлер жабырлануучунун жакындарына анын вегетативдик абалда экенин, мээсинде жашоонун белгилери жок болгондуктан, эч качан бул абалдан чыкпай турганын бир нече жолу билдиришкен. Алардын сунушу менен жакындары Джеймсти аппараттан ажыратып, органдарын трансплантациялоого берүүнү чечишкен.
Эң кызыгы жакындары бул чечимди кабыл алгандан кийин гана Ховард-Джонс өзүнө келип, аң-сезимдүү активдүүлүктүн белгилерин көрсөтө баштады. Анын мээси катуу жабыркагандыктан, көздүн кыймылы менен гана баарлаша алат.
Джеймс Ховард-Джонстун атасы Бен Дэвистин сотунда "Джеймстин мээсинин канчалык жабыркаганы жөнүндө эч кандай түшүнүгүбүз жок. Ага өмүрүнүн аягына чейин кам көрүү керек. Жалпысынан баламдын келечеги бүдөмүк болууда", - деген ал.
Бен Дэвис
Сот Мартин Пиктон соттолуучуга кайрылып, ал жаш жигиттин жашоосун талкалап, үй-бүлөсү менен досторунун жүрөгүн жаралаганын айткан. Натыйжада, Дэвис эки жыл төрт айга эркинен ажыратылган, бирок Пиктон бул чечимди "толугу менен ал жасаган иши үчүн жаза өтөө катары кароого болбойт" деп белгилеген.
Ал эми Ховард-Джонстун үй-бүлөсү GoFundMe краудфандинг платформасында баракча ачып, анын дарылануусуна кайрымдуу адамдар каражат которо алаарын билдирген.
Булак: NazarNews.kg