www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскер прокуратурасы ырчы Нурчолпондун аскер кызматкери тарабынан ыдыкка кабылганы тууралуу билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Кылмыш жасаган үч адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Аскердик бөлүктүн командиринин орун басары А.Ж., Армиянын борбордук үйүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Б. жана башкы курал-жарак бөлүмүнүн башчысы Л.А. жазаланды», - деп жазат редакция.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда ырчы Нурчолпон Коргоо министрлигинин полковниги тарабынан ыдыкка алынганын билдирген. Ырчы ал учурда армиянын борбордук үйүндө музыкант болуп иштеген. Иш-чаранын биринде аскер кызматкери ага колун тийгизип, күч менен кармоого аракет кылган. Жоокерлердин, аскер аялдардын бири ага жардам берген эмес.
Булак: NazarNews.kg