www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын делегациясы Түштүк Кореяда өткөн туристтик шоуда баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу өлкөнүн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Быйыл жетинчи ирет өтүп жаткан эл аралык KITS 2022 туристтик иш-чарасы кечээ жыйынтыкталды. - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандын атынан ага Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду катышып, көргөзмөдө өз павильонун тартуулады. - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандын делегациясы Түштүк Кореяда өткөн туристтик шоуда баш байгеге ээ болду - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандын атынан ага Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду катышып, көргөзмөдө өз павильонун тартуулады.

Быйыл жетинчи ирет өтүп жаткан эл аралык KITS 2022 туристтик иш-чарасы кечээ жыйынтыкталды. Кыргызстандын атынан ага Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду катышып, көргөзмөдө өз павильонун тартуулады. Делегациянын курамында Кыргызстандын Түшткүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жана ата мекендик туроператорлор болгону айтылды.

Калыстар сынына коюлган өлкөнүн экспозициясы абдан кызыктуу жана маалыматы көп деп табылган.

"Жылуу сөздөр арбын айтылды. Шоуга катышкан 400гө чукул туристтик компаниянын тышкы туризм менен алектенген 140ы Кыргызстандын туристтик потенциалын жогору баалап, кардар жөнөтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти", — деди Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директору Кайрат Итибаев.

Мекеменин өкүлдөрү маданий борборлор жана кореялык туроператорлор менен кызматташуу тууралуу үч меморандумга кол коюшкан. Бир ай мурун дагы бир меморандумга кол койгон Сеулдун туристтик ассоциациясы Кыргызстанга азыркы туристтик инфраструктураны жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн анализдөө үчүн эксперттик топ жөнөтүүгө даярдыгын билдирди. Мындан тышкары, туристтик кызматты санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду талдап чыгууга кызыкдар экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости