www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы мигранттар Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын жана жалпы эле элчиликтин ишине нааразы. Кыргызстандыктардын айтымында алар өз милдеттерин так аткарышпайт, мигранттар менен иштери жок. Жардам сурап кайрылгандарга убагында тиешелүү чара көрүлбөйт.

Өзүн жөн гана котормочумун деп тааныштырган Салтанат Митиева аттуу мекендешибиз, ага бир күндө эле 50, 60 адам жардам сурап кайрылышаарын айтып өттү.

Эске салсак, 13-августта саат 14:00дө Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен түз жолугушуу болот дегенинен аталган элчиликке барып, бир аз болсо дагы мигранттардын көйгөйлүү маселелерин айтып келели деп барсак чыкпай койду, - деп «NazarNews» маалымат агенттигине Бакытбек Курманбаев билдирген.

Андан сырткары 2004-жылдан бери Москва шаарында иштеп, жашап келген кыргызстандык жаран да Россия Федерациясындагы элчиликтин ишин сынга алган.

"Элчи эжебиз келгенден бери эл менен жолуккан жок. "Элчи" деген сөз бар, бул эл менен бирге болуш керек дегенди билдирет. Азыркы элчиликте эл менен коомуникация жок болуп жатат", - деген мигрант.

Андан сырткары Россияда эмгектенген жарандык активист Бакытбек Курманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мигранттардын атынан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости