www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Өзбекстанга мыйзамсыз жол менен мал айдап кетүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул туурасында Чек ара кызматы кабарлады.

Незаконный перегон лошадей и крупнорогатого скота в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022

Маалыматка ылайык, 13-август күнү 29 жаштагы А.Э. аттуу кыргызстандык Жетиген айылы аркылуу коңшу өлкөгө жети жылкы айдап баратканда кармалган. Ал эми Чаласарт тилкесинен жети бодо мал менен 39 жаштагы Н.У. колго түшкөн.

Мындан сырткары, Талас облусунун Өгүз-Ашуу тилкесинде 44 жаштагы жарандын Казакстанга айдап бараткан DAF жүк ташуучу автоунаасын токтоткондо 14 баш бодо мал чыккан.

Мыйзамсыз алып бараткан бодо мал менен жылкылардын баасы бир миллион сомду түзөт.

Чек арачылар кармалган кыргызстандыктар менен малды андан ары териштирүү жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости