www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызгидромет билдиргендей, 16-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарында, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +16...+21
күндүз +29...+34
Талас облусунда
түнкүсүн +12...+17
күндүз +30…+35
Баткен облусунда
түнкүсүн +19...+24
күндүз +31...+36
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +19...+24
күндүз +31...+36
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +13...+18
күндүз +23...+28
Нарын облусунда
түнкүсүн +8...+13
күндүз +24...+29.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы
түнкүсүн +19…+21°,
күндүз +32…+34° болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы
түнкүсүн +15...+17°,
күндүз +26...+28° болот.
Булак: NazarNews.kg