www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт, турак жай жана жер салыгынын суммасын эсептөө боюнча онлайн-калькулятор жаңыртылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Calculator.salyk.kg калькулятору Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайыкташтырылган.
Салыктын суммасын чыгаруу үчүн сайттагы шилтемени ачып, мүлк боюнча тиешелүү маалыматтарды киргизүү керек. Андан соң "салыкты эсептөө" баскычын басуу зарыл. Программа автоматтык түрдө төлөнө турган салыктын суммасын чыгарып берет.
Эгерде салык төлөөчү сумманы өз алдынча эсептей албаса, жергиликтүү салык органына кайрылып толук маалымат алса болот.
1-сентябрга чейин кайсы салыктарды төлөө керек?
транспорт үчүн;
турак үй, батирге (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
үй, короо-жай жанындагы жер участокторуна.
Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же www.sti.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.
Булак: NazarNews.kg