www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда туризм тармагы активдүү өнүгүп жатат. Жыл сайын туризм тармагы өлкөнүн эң алыскы булуң-бурчтарында жашаган кыргызстандыктарды өзүнүн ишмердүүлүгүнө көбүрөөк тартууда. Жайлоо-туризм жаңы багыттардын бири. Туризмдин бул түрү активдүү эс алуунун эң жаш түрү болуп эсептелет. Ысык-Көлдүн жээгиндеги же лыжа базаларына жакын жердеги чакан жана орто бизнеске караганда туризмдин бул түрү менен алектенген ишкерлер үчүн иш алып баруу бир канча эсе кыйын.
Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылындагы көз жоосун алган Тулпар-Көл жайлоосу деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Жайлоо бийик, тоолуу Тулпар-Көлгө жакын жайгашкан, ал Памир-Алайдын эң бийик чокуларынын бири – Ленин чокусун багынтуу үчүн Алай өрөөнүнө келген экстремалдык туристтердин жана алпинисттердин сүйүктүү жерлеринин бири.
Саякатчыларды Кыргыз-Алай боз үй конушунун ээси Зуура Ибраимова ар дайым тосуп алат. Бул жайлоодогу эс алуу жайын мындан үч жыл мурун Сары-Могол айылынын тургуну Зуура ачкан. Азыр ишкерликтин ыктарын өздөштүргөн мурдагы мугалим чакан туризмди активдүү өнүктүрүүдө. «Биз бул ишти баштаганда төрт эле боз үйүбүз болгон. Атаандаштыкка туруштук берүү үчүн мен конокторума жакшыртылган кызмат көрсөтүүнү чечтим», - дейт боз үй конушунун ээси.
Зууранын жумуш күнү таңкы саат 5те башталат. Ал өзү туристтер үчүн эртең мененки тамакты даярдайт, боз үйлөрдү жылытат. Лагерде жайлуу эс алуу үчүн бардык шарттар бар. Туристтерди улуттук каада-салт боюнча тосуп алат. «Биз үчүн «Кыргыз-Алай» лагеринде эс алуу унутулгус, ыңгайлуу, жылуу жана жайлуу шарттарда өтүп жатат. Мындай жерлерге чет элдиктер гана эмес, биздин өлкөнүн тургундары да мүмкүн болушунча тез-тез барышын абдан каалайт элем», - дейт турист Мамыр Калилов.
Зуура Ибраимова кыргызстандык кыз-келиндер оңой эле ишкердик менен алектене аларына ишенет. Бул үчүн, анын айтымында, алдыга так максат коюп, ага жетүү жолдорун иштеп чыгуу зарыл. Жана ошондой эле билимиңизди тынымсыз өркүндөтүп турушуңуз керек, анткени туризм концепциясы (башка тармактагыдай ) бир ордунда турбайт, тынымсыз өзгөрүп, өнүгүп турат. Ошол себептен Зуура дайыма тренингдерге, семинарларга катышып турат. Бул жылы ал Ага Хан Фондунун колдоосу менен USAIDдин Жергиликтүү өнүгүү долбоорунун алкагында жаштардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча тренингге катышып, ал тургай долбоордун алкагында эки боз үй утуп алган.
«Биздин Алай районунан 25ке жакын жеке ишкер долбоорго катышты. Долбоордун алкагында окуунун жыйынтыгында эки боз үй утуп алдым. Тренингде бизнес-план түзүү жана “Канвас” моделин түзүү камтылган. Мен үчүн бул долбоорго катышуудагы эң негизги максат алган билимим болду. Тренинг учурунда айтылган ыкмаларды бүгүн мен өз ишимде активдүү колдоном. Ал эми өзүнүн оң натыйжасын берип жатат. Ишим жакшы өнүгүп жатат, азыр боз үй лагерибизде жети боз үй бар. Биз чет элдик өнөктөштөр менен тыгыз иштешебиз. Ийгилигимдин сыры жөнөкөй – талыкпаган эмгек, так максаттар жана тынымсыз, сапаттуу билим алуу», - деди Зуура.
Булак: NazarNews.kg