www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Лейлек районунун тоолуу Тогуз-Булак айыл аймагындагы Айбийке, Миң-Жыгач жана Подхоз айылдарына Лейлек РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев өзүнүн ыкчам тобу менен барып, милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу жеринде атуулдарды кабыл алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жарандар менен болгон жолугушууда жаңы жыл майрамына карата коомдук тартипти камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле пиротехникалык жарылуучу заттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Көчмө кабылдама учурунда жалпы 18 жаран кабыл алынып, кайрылгандар тарабынан олуттуу маселе жана терс көрүнүштөр боюнча арыз-даттануулар түшкөн жок. Бирок, айыл тургундарына укуктук түшүндүрмөлөр жана пайдалуу кеңештер жеринде берилди.

Мындай иш-чаралар милиция менен жарандардын тыгыз байланышта болуусуна, аймактагы коомдук коопсуздукту камсыздоого өбөлгө болору белгиленди.

 

Последние новости