www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Ноокат районунун Абшыр-Ата капчыгайында мыйзамсыз аңчылык кылган эки жаран кармалып, аларга аңчылык эрежелерди бузганы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесинин негизинде 12 500 сомдон, жалпы 25 миң сом айыппул салынды.
Бул факт ушул жылдын 23-декабрь күнү NABU Кыргызстан уюмунун «Барс-2» тобунун жана КР ЖРЭжТР министрлигине караштуу Оштогу башкармалыктарынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн пландан сырткаркы рейддин алкагында аныкталды.
Ушундай эле рейд Араван районунда уланды. Аталган аймакта аңчылык эрежелерин бузган фактылар катталган жок. Андыктан жергиликтүү тургундарга аң-уулоо эрежелерин сактоо, жапайы жаратылышты коргоо жана мыйзам талаптарын так аткаруунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.