www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Чүй облусунун Кемин районундагы цемент заводунун курулушу менен таанышты.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов Садыр Жапаровго ишкананын долбоордук кубаттуулугу суткасына 3200 тонна клинкерди түзөрүн маалымдады.
Ишке киргизүү 2027-жылга пландаштырылган. Ишкана 43 гектар аянтта жайгашат.
Заводдун курулуш этабында 300дөн ашык, ишке киргизилгенден кийин – 500дөн ашуун жумушчу орундары түзүлөт.
Президент Садыр Жапаров ишкананын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүнө токтолуп, курулушту өз убагында бүткөрүү зарылдыгыны белгиледи. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.