www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев Баткен районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын расмий түрдө пайдаланууга берди. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Башкы прокурор жаңы имараттын ачылышы алыскы аймактарда мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган маанилүү жыйынтык экенин белгилеп, бул өлкө жетекчилигинин жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасы экенин айтты.

Жаңы имарат прокуратура кызматкерлери үчүн заманбап иш шарттарын түзүп, жарандарды кабыл алуу үчүн ачык жана ыңгайлуу форматта жабдылды.

Последние новости