www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-декабрда журналисттер менен жолугушууда акыркы жумаларда АКШ, Украина жана европалык тараптар даярдаган тынчтык планынын долбоорун тааныштырды. План 20 пункттан турат жана согушту токтотууга багытталган негизги чараларды камтыйт.

Пландын негизги жоболору Украинанын Куралдуу күчтөрү тынчтык мезгилинде 800 миң адамга чейин сакталат. АКШ, НАТО жана келишимге кол койгон европалык мамлекеттер Украинага аскердик коопсуздук кепилдигин берет. Альянстын “бешинчи беренесине” ылайык, бир мүчөгө кол салуу — бардыгына кол салуу деп эсептелет. Орусия Европа жана Украинага карата кол салуудан баш тартып, өз мыйзамдары менен аны бекитиши керек. Украина белгиленген мөөнөттө Евробиримдиктин мүчөсү болот. Келишим күчүнө кириши үчүн Орусия Днепропетровск, Николаев, Сумы жана Харьков облустарынан аскерлерин чыгаруу зарыл. Келишимге кол коюлгандан кийин Украина мүмкүн болушунча эртерээк шайлоо өткөрүшү керек.
Бирок аймактардын тагдыры татаал бойдон калууда. Зеленский фронт сызыгын сактап согушту токтотууну сунуштаса, Орусия Донбассты толук өз карамагына алууну көздөп жатат. Компромисс катары АКШ Донецк облусунда эркин экономикалык зона түзүүнү сунуш кылган, бирок Зеленский бул чечимди референдум аркылуу гана кабыл алууну белгиледи. Запорожье атомдук электр станциясы боюнча мунаса азырынча табыла элек.

Зеленскийдин билдирүүсү боюнча, план кабыл алынса, бул согушту токтотуу жана Украинанын коопсуздугун камсыздоо боюнча жаңы негиз түзөт. Бирок аймактык жана аскердик маселелер боюнча сүйлөшүүлөр татаал жана узакка созулушу мүмкүн.

Последние новости