www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада тууганынын паспортун колдонуп жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Россиянын аймагында жашырынып жүргөн жана издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо иштерин улантууда.

Москва шаарынын аймагынан мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык элементтердин арасында кадыр-барктуу Баткен облусунун тургуну 1983-жылы туулган Б.С. аныкталып, кармалган. Ага карата 2015-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам уурдоо), 125-беренесинин 2-бөлүгүндө (мыйзамсыз эркинен ажыратуу), 170-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыш иштерин жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган (Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясына ылайык).

Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдын март айында козголгон кылмыш ишинин алкагында жаран Б.С. издөөдө жүргөн. 2015-жылдын июнь айында ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Аталган жаран 8 жылдан бери Москва шаарынын аймагында тууганынын паспортун пайдаланып жашырынып жүргөнү аныкталган.

Ал 2009-жылдын жай айларында Ош облусунун Араван районунун аймагында анын шериктери – криминалдык элементтер менен бирге курал колдонуп, отуз үч жаштагы жаранды күч менен унаага салып, алып кетишкен. Жабырлануучуну тоолуу аймакта, андан кийин Бишкек шаарында мыйзамсыз кармап, зордук-зомбулук менен коркутуп, ири өлчөмдөгү 100 миң доллар талап кылып алышкан.

Жабырлануучу бир нече жылдан кийин ички иштер органдарына кайрылган. Кылмыштын башка шериктери мурда кармалып, сот жообуна тартылышкан. Ал эми издөөдө жүргөн жаран Б.С. кармалып, камакка алынган. Учурда экстрадициялоо маселеси 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости