www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ливандын Триполи шаарында жолдон өтүп бара жаткан адам таштанды салынган баштыктан жаңы төрөлгөн ымыркайды таап алган. Бул тууралуу Arab News басылмасы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолдон өтүп бара жаткан адам көчөдө баштык тиштеп жүргөн жолбун итти көргөн. Ал баштыктын ичинен ыйдын үнүн угуп, иттен баштыкты тартып алганда ичинде жаңы төрөлгөн ымыркай бар экенин көрүп, окуя тууралуу бийликке кабарлаган.
Ымыркай дароо ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер кыздын төрөлгөнүнө бир нече саат гана болгонун аныкташкан. Анын абалы оор, бирок туруктуу экени айтылат. Кыз айыгып кеткенден кийин аны эч ким багып албаса, балдар үйүнө жиберилери кошумчаланат.
Жергиликтүү журналист Хасан Рифинин айтымында, ал өз карьерасында мындай үрөй учурган окуяны башынан өткөргөн эмес.
"Көбүнчө кимдир бирөө баласын таштап кетем десе, балдар үйүнүн же милициянын алдына таштап коюшат", - деген ал. Журналист ымыркай адамдар аз жашаган аймактан табылганын кошумчалады.
Учурда полиция ымыркайды таштап кеткен ата-эненин өздүгүн тактап жатат.
Сүрөт иллюстрация.
Булак: NazarNews.kg