www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинин басып өткөн жолуна саресеп салсак, мифологиянын, диндин, философиянын, илимдин орду бар. Мындай пикирин котормочу Темиралы Кунашов билдирди.

"Дин бизден качып кеткенби же асманга учуп кеткенби? Учурдагы ар кыл талкуулардан улам ушундай суроо жаралат. Негизинен философтор коомдук аң сезимдин формалары деп мифологияны, динди, философияны, илимди карап келе жатышат. Ар бир элдин миңдеген жылдарга созулган тарыхында булардын орду бар. Мисалы, кыргыз элинин басып өткөн жолуна саресеп салсак деле, мифологиянын, диндин, философиянын, илимдин орду бар экенин көрбөй коюшка болбойт. Ошондой болсо да, кыргыз эли эч бир динди карманган эмес, тек гана каада салт менен өнүгүп келген, мындан ары да жашоосу ошондой улана берет деп кесип айткандарыбыз да бар. Ошондо кандай болуп калат? "Жаратканым бир Теңир" деп эзелден элибиз айтып келе жаткан келме (сөз) каада салттан чыгабы? Же, тескерисинче, каада салттан эмес, ошол Теңирдин өзүнөн келгенби?

Мисалы, 19-кылымда окумуштуулар байыркы рун жазууларын окуй албай кыйналышып, акыры даниялык илимпоз В. Томсон "ТЕҢИР" деген бир сөздү окуган. Ошондон кийин ал рун жазуусу түрк жазуусу экен деп дүйнөгө дүң кылды. Андан кийин эле Ч. Валиханов, Жан Поль Ру сыяктуу окумуштуулар ТЕНГРИЗМ, ТЕНГРИАНСТВО деген терминди киргизишип, түрк элдеринин дини деген пикирди айтышты. Демек, андай десең да, мындай десең да динди жок кылышка мүмкүн эмес, мүмкүн болбой жатат. Ал эми кыргыз динге байланган эмес, ал Теңирге ортомчусуз түз чыккан дегендер да бар. Бирок ушундай дегенде эле башың балээге кирет! Айталы, протон дедиң физика, соль дедиң музыка баш көтөрөт! Же...кыргыз кызылдай гана каада салт менен келген, дини болгон эмес десең, анда тиги суроо ыргып чыгат: Дин бизден качып кумга сиңип кеткенби, же асманга учуп кеткенби?

Ошентип, базарда алармандан сатарман көп дегендей, жооп жок, суроо көп дегендей...", - деп жазган Кунашов.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости