www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мечит менен мүрзөгө мал бакса болобу? Бул тууралуу пикирин Азамат Дүйшөнбай уулу жазып чыгып, бийликке кайрылуу жасады.

Төмөндө кайрылуунун тексти толугу менен: 

Урматтуу бийлик!

Урматтуу маданият министри!

Урматтуу муфтий!

Урматтуу Нарын, Ат-Башы бийлиги!

Ат-Башынын Калинин, Жаңы-Күч айылынын ортосунда бир кылым мурун курулган мечит бар. Маңдайында эле кыргыздын кайталангыс таланттуу уулу Жолдубай Кайыповдун күмбөзү турат.

Ал мечит түшүнгөн адамга тарыхый мурас болуп эсептелет. Ошол себептен бейиши болгур Муктар Өмүракунов үстүн темир менен шыйпырлатып, айланасын корукка алдырыптыр. Бүгүн болсо мечиттин жанына үй куруп, жабыштырып короо салып алганына күбө болдум. Койлорун болсо ошол Жаңы-Күчтүктөрдүн тосуп койгон мүрзөсүнө жаят экен. Жер жок калгансып ата-бабалар кынаптап салган мечитке үй салып, ити менен мал баккан туурабы муфтияттагы аалымдар айтаар.

Ал эми эски мечиттин түбүнө чейин картошка айдап, бир кылым болгон мечит жарылыптыр. Деги эле тарыхый мурас болчу, туристтерге көргөзчү жерлерди коргой турган маданият министри качан келет? Жайыты, жери кенен Ат-Башыда мечит менен мүрзөгө мал багуу канчалык мыйзамдуу, абийирге туура келет, келбесин төбөлдөр айтсын. Мага жаман эле көрүндү, - дейт Азамат Дүйшөнбай уулу.

Последние новости