www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино кыйноо

Искусствонун бир бөлүкчөсү кино жааты эмеспи.  Ошондогу терс каарманды көркүнө чыгаргандар туурасында изденгеним изденген. Себеби алардын дагы өз чындыгы бардай. Бул каарманымдын аткарган ролдорунун көбү терс каарман.

- Адам өмүрү өткүчөктү балалыгын унутпайт экен...

- Ооба, балалык кез улам жашың өйдөлөгөн сайын күч- кубат берет турбайбы. Атам Сагынбаев Айыпжан  мектептин мүдүрү болуп иштеген, акка моюн сунуп кеткенине он жылдай болду. Апам Саламат тарыхта аты калган Капар бийдин жалгыз кызы, жашы 100гө жакындап калды. Бала кезде өтө деле шок болбодум, сүрөт тартканга аябай кызыкчумун. Бала болсом дагы, Кара-Кулжанын Октябрь айылынын кооздугуна суктанып бүтпөйт элем. Жаратылыштын не бир  сонун сыйкырын ачуу үчүн пейзажга жакындыгымдан живопись жанрына кызыкканым дагы ошондондур. Балалык кыялды орундатып, борборубуздагы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөм. Андан соң, ВГИКте окугам.

-  Чыныгы режиссёр мыкты актёр боло албайт, ал эми мыкты актёр профессионал режиссёр боло алат дегенге кошуласызбы?

Чыныгы режиссёр мыкты актёр болушу абзел, болбосо режиссёр боло албайт. Бирок актёрлордун баары режиссёр боло албайт. Менимче, адамдын дээринде. Башканы коюп, өзүмдү мисалга алайын, актёрлуктан режиссёрлукка өттүм. Анын таржымалы мындай. “Кыргызфильм”, Кыргыз кино департаменти, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоп, мени Москвадагы 2 жылдык режиссёрлук курска окууга жиберишкен. Аны ийгиликтүү бүтүрдүм. Москвада "Аян" театрын ачтым. Мигранттардын арасынан таланттуу жаштарды топтоп, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынан алынган “Маңкурт” спектаклин койдум.

- Чынжырдын сапаты эң жука жеринин бекемдиги менен барабар. Азыр таасирдүү пьесалар жазылып жатабы же жокпу?

-  Чынжырдын жука жери бир күнү мындай жагдайлардын кесепетинен үзүлөт экен. Таажы илдеттин таасири менен  азыр жан дүйнөдө да тынчтык болбой,  чыгармачылык эргүү таппай, үйдөн чыкпай турабыз.  Өзүм Кыргызстанда, театрым Москвада. Чыгармачыл адамдар мындайды түшүнүшөт. Мага оор. Жамбашка сыздоок чыккандай эле... Пьеса, сценарий жазып жатканда таң атканын билбей калам. Көбүнчө комуз чаап алек болуп жатам.

- Түн канчалык караңгы болсо, алыста жайгашкан жылдыздар ошончолук жарык берет дешет, кайсы залкарлар менен туз насиптеш болуп калдыңыз?

- Мен үчүн залкарлар менен насиптеш болгон бир-эки сөз менен айтып бүткүс. Кыргыздын корифейлери Советбек Жумадылов,  Сабира Күмүшалиева, Орозбек Кутманалиев,  Мукамбет Токтобаев, Дүйшөн Байдөбөтовдор менен бир кинодо тартылып калганым мен үчүн сыймык эмей эмне. Баса, дүйнөгө кыргызды тааныткан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун акыл-насаатын өз оозунан угуп калдым.  Эки-үч жолу бир дасторкондо олтуруп, баарлашып  чай ичип калганым өзүнчө бакыт. Устатым Дүйшөн Байдөбөтовдон сабак алып табакташ болгом. Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасында жашап калган элем. Анын дагы сүрөтчүлүк кесибимде таалим-тарбиясы мага чоң сабак болгон.

-  Ар тараптуу талант экениңизди элиңиз билет. Сүрөтчүлүк өнөр сиз үчүн...

- Сүрөтчүлүк кесип мен үчүн абдан ыйык. 2005-жылы Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын мүдүрү, КР эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков болчу. Мени ишке алып,  сүрөтчү-коюучу болуп эмгектендим. Устачылыкты дагы кошо алып жүрөм. Башымда бир топ өнөрлөр  алкактап айланып жүрө берет. Мисалы, ашпозчулук мергенчилик, тигүүчүлүк, багбанчылык. Атамдын көп өнөрү мага өткөнүнө сыймыктанам. Тээ бала кездеги кыялдар улана берет экен.

- Туура айтасыз, адам жаны денеден бөлүнүп кетмейин, максатка карай кеткен жол да чексиз бейм...

- Ооба, алдыга койгон максаттар чексиз...элим үчүн көп эмгек жаратыш...

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости