www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

550 миң доллар пара алууга шектелген Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов жумушка чыкты.

Бүгүн, 1-февралда ал БШКнын жыйынына катышты.

Эске салсак, 2021-жылдын 11-сентябрында УКМК БШКнын мүчөсү Эшимовду алдамчылыкка шектүү катары кармаган. Атайын кызматка А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, БШКнын мүчөсү А.Э.ге карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, А.Э. «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири менен келишим түзгөн. 2020-жылдын июнь айында БШКнын мүчөсү арыз ээсинен 2020-жылдын күзүнө белгиленген парламентик шайлоодо жогорудагы партиядан депутаттыкка талапкердин биринчи «бештигине» киргизгени үчүн 550 миң доллар алган.

Бирок алар убадасын аткарбай, жабырлануучуга 300 миң долларды кайтарып берип, 250 миң долларды өздөштүрүп алышкан.

Январдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту А. Эшимовдун баш коргоо чарасын башка жакка чыкпоо шарты менен бошоткон.

26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Эшимов 2021-жылдын декабрь айында жазган арызын кайра чакыртып алганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости