www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуп, президент Владимир Путиндин жеке кайрылуусу жазылган катты тапшырды. Бул тууралуу Түндүк Кореянын "Голос Кореи" радиостанциясы билдирет.
Маалыматка ылайык, тараптар коопсуздук маселелерин талкуулашты.
"Сүйлөшүүчүлөр корей-орус достугунун тамыры терең тарыхын жылуу эске салып, улуттук коргонуу жана коопсуздук, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун жагдайлары боюнча эки тарапты кызыктырган маселелерге баа берип, пикир алмашып, бир пикирге келишти", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Сергей Шойгу менен Ким Чен Ын Пхеньяндагы “Курал көргөзмөсү – 2023” көргөзмөсүнө барышканы айтылды.
"Ким Чен Ын Сергей Шойгуну Кореянын Эмгек партиясынын VIII съездинде алдыга коюлган коргонууну өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына ылайык иштелип чыккан жана чыгарылган жана жакында эле Корей Элдик Армиясында кызмат өтөп жаткан курал-жарак жана аскердик техника менен тааныштырды", - деп кошумчаланат маалыматта.
Көргөзмөдөн кийин Россия Коргоо министрлигинин башчысы жана Ким Чен Ын Корей согушунун аяктаганынын 70 жылдыгына арналган концертти көрүштү. Иш-чарага Шойгу баштаган Россиянын делегациясынан сырткары, Кытайдын партиялык-өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрү да чакырылган. Кытай делегациясынын башчысы, Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Ли Хунчжун Ким Чен Ынга КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин согуштун аякташынын 70 жылдыгына карата жеке катын тапшырды.
Белгилей кетсек, Россиянын делегациясы Түндүк Кореяга 25-июль күнү кечинде барды. Шойгуну Түндүк Кореянын коргоо министри, армиянын генералы Кан Сун Нам тосуп алган. Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бул сапар Россия-Түндүк Корея аскерий алакаларын чыңдоого жардам берип, эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп калат деп билдирет.
Булак: NazarNews.kg