www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөрдү жеке менчигиндей эле пайдаланып, мамлекетке миллиарддаган чыгым келтирип, натыйжада камакка алынып, бир нече ай абакта отуруп, үй камагына чыгарылган Тенгиз Бөлтүрүктүн кылмыш иши ошону менен "оомийин" болду көрүнөт.
Дегенибиз, үй камагына чыккандан бери дымы билинбейт. Соттук процесстен кабар жок. Күнөөлүү же күнөөсүз экени ажыратылбай, ак-карасы аралашып, "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болуп бүтсө туура болбой калат.
Коомдо ушунча чуу жараткан иш кумга сиңген суудай ың-жыңы билинбей калса, акыйкаттыкка ким ишенет? Деги эле Тенгиз Бөлтүрүктүн мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп үй камагына чыкканы дагы күмөн. Анткени, ким канча төлөп жатканын эч ким билбейт. Ачык айкындуулук жок. Баары жабык.
Мына 25 миллион сом төлөп чыкты деген Урмат Самаев деле бир тыйын төлөбөй эле чыкканы айтылып жүрөт. Анан "ачка калдык, Тенгиз Бөлтүрүктүн 3 айлыгын бердирип коюңуз" деп аялы президентке кайрылып көзүнүн жашын көлдөтүп жатса, Тенгиз Бөлтүрүк кайдан эле миллиарддарды төгүп, бошоп кетет?..
Булак: NazarNews.kg