www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-октябрда КФБ Президенти Камчыбек Ташиев “Чакырык Лига” футболдук турниринин алкагында өткөн «Мурас Юнайтед» – «Сафа» беттешине катышып, оюнга сыйлуу конок катары күбө болду. Иш-чарага спортчулар, саясатчылар жана коомдук ишмерлер чакырылган.
Бирок коомчулук оюнга эмес, ошол жерден тартылган сүрөткө көбүрөөк көңүл бурду. Социалдык тармактарда тез тарап кеткен кадрда Ташиевдин жанында көптөн бери коомдук саясаттан алыстап кеткен Өмүрбек Бабанов турганы көрүнөт. Бул көрүнүш дароо эле эл арасында түрдүү ой-пикирлерди жаратты.

Көпчүлүк бул сүрөттү “саясий доорлордун кайра жакындашуусу” катары баалап, айрымдар “мурунку атаандаштар эми бир сапка келип жатабы?” деген ички талкууга түштү. Сүрөттөгү жылуу маанай жана достук абал коомчулукту таң калтырды. Айрымдар муну жөн гана спорттук иш-чарадагы адамдык учурашуу катары кабыл алса, башкалар саясаттагы жаңы сценарийлердин белгиси катары көрүштү.
Саясатта түбөлүк дос да, душман да болбойт дешет. Балким, бул кадр ошол чындыкты дагы бир жолу эске салгандыр. Бирок коомчулукта “сактыкка кордук жок” деген сөз дагы болбой койгон жок. Себеби Ташиев менен Бабановдун өткөндөгү саясий атаандаштык эпизоддору көпчүлүктүн эсинде.
Кандай болгон күндө да, спорт ар дайым адамдарды бириктирген күч экенин бул окуя дагы бир ирет көрсөттү. Ал эми “тездик менен тараган сүрөт” — азырынча көп суроолорду жаратып, кызыктуу жооп калтырды.
Алсак, Өмүрбек Бабанов — кыргыз саясатындагы көрүнүктүү фигуралардын бири. Ал бир кезде премьер-министр болуп, кийин президенттик шайлоого катышкан. Бирок белгилүү себептер менен саясаттан четтеп, чет өлкөдө жашаган учурлары да болгон.
Баса, иш-чарадагы сүрөттө “кыргыздын тирегимин” деген Өмүрбек Бабанов бакытка балкып, көздөрү жайнап, көгүлтүр оттой күйүп, теректей тирелип Камчыкенин алдында турганын байкаса болот... Бирок Бабанов арбаган жагынан эч кимди алдыга салбайт, тегирменден эки кап унду кошо алып чыккан кыйын инсан.
Дегенибиз менен Камчыке деле кыраакы болуп, көзү менен баарын байкап, өткөн кеткен “өрдөктөрдү” унутпашы керек деген ой. Кыргызда: бир көз, экинчи көзгө душман, деген кеп бар эмеспи.