www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Невшехир (Түркия) Каппадокия аэропортунда фарш жана камыр аралаштыргычтардын ичине катылган 61 кг 121 г мыйзамсыз алтын табылды. Рейд учурунда 6 адам камакка алынды, алардын 5и Өзбекстандын жарандары. Алтындын баасы болжол менен 132 миллион лирага бааланууда. Бул тууралуу кун.уз жазып чыкты.

Контрабандага каршы күрөшүү жана полиция кызматкерлери Стамбул аркылуу чет өлкөдөн Каппадокия аэропортуна келген адамдардын тобун аңдып, алардын чемодандарындагы фарш жана камыр аралаштыргычтарды текшерип жатып, ичинде эритилген бөлүктөрү менен жашырылган алтынды табышкан.

Далил катары жалпысынан 61 кг 121 г алтын алынып, 6 адам камакка алынды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, камакка алынгандардын арасында Өзбекстандын жарандары да бар. Тергөө иштери уланууда.

 

Последние новости