www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израиль армиясы Газа тилкесине сокку уруп, ракетанын бири аш-Шифа ооруканасынын башкы имаратынын жанына кулаган. Бул тууралуу Al Jazeera кабарлады.
Маалыматта аталган имарат жаңы эле оңдолуп ишке берилгени айтылат.
Соңку билдирүүлөр боюнча, чабуулдан кеминде 30 киши каза таап, ондогон адам жаракат алган.
Газага сокку уруу буйругун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бергени кабарланды. Ага чейин кеңсеси палестиналык ХАМАС кыймылын элдешүү тууралуу макулдашуунун шартын бузду деп айыптаган. Буга аталган кыймыл Тель-Авивге барымтада көз жумган израилдиктердин сөөгүнүн ордуна эки жыл мурун өткөрүп беришкен сөөктүн калдыгын берип койгону себеп болгон.
Газа шаарынан тышкары, түштүк аймактагы Рафахта жайгашкан ХАМАС кыймылына артиллериялык сокку урулганы айтылды. Израиль бул палестиналык кыймылдын чыгарган огуна жооп болгонун билдирген.
Ал арада Израиль сокку урары тууралуу АКШны маалымдар кылганы кабарланды. Америка президенти Дональд Трамп палестиналыктар израилдик жоокерди өлтүргөнүн, сокку ушуга жооп экенин билдирген. Анткен менен АКШ лидеринин айтымында, бул Газа секторунда атышууну токтотуу боюнча келишимди бузбайт.
Эскерте кетсек, Израиль менен Палестинанын ХАМАС кыймылынын ортосундагы элдешүү келишими 10-октябрда күчүнө кирген. Анын алкагында кыймыл 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газада кармалып турган израилдик туткундарды бошотуп, Тель-Авив барымтадагы 1718 палестиналыкты, ошондой эле узак мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратылган 250 адамды өткөрүп берген.
ХАМАС ушу тапта Израилге туткунда көз жумгандардын сөөгүн өткөрүп берүүдө. Макулдашуунун шарты боюнча Палестина тарап Тель-Авивге 28 сөөктү бериши керек, азырынча 15 сөөк гана таанылып кайтарылды.